Орусияда кармалган 150 мигрант арасында Тажикстандан башка өлкөлөрдүн да жарандары бар

Тажикстандын Орусиядагы элчилиги 30-майда Москванын «Митино» метросунун жанында кармалган 150 мигранттын 57си тажик жараны экенин билдирди.

Ушул тапта алардын 20сы бошотулуп, калган мигранттардын документтерин текшерүү уланууда.

Райондук полиция бөлүмү документтер текшерилгенден кийин кармалгандар белгиленген тартипте бошотуларын кабарлады. Кармалгандардын арасында башка өлкөнүн жарандары да бар.

Буга чейин тажик мигранттары «Озоди» радиосуна жөнөткөн видеодо аларды түн ортосунда ойготуп, төрт автобус менен Митинск райондук ички иштер бөлүмүнө жеткиришкенин айтышкан.

Кармалган мигранттардын айрымдарынын айтымында, Орусияда жүргөнүн тастыктаган документтери бири-бирине дал келбегени үчүн полиция аларга 5 миң рубль айып салган. Орус бийлиги бул окуя боюнча комментарий бере элек.

Сүрөт: Видеодон алынды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты