Украинада «РИА Новости» агенттигинин кабарчысы каза болду

  • 9 месяцев мурун

Украинада Орусиянын «РИА Новости» мамлекеттик маалымат агенттигинин аскердик кабарчысы Ростислав Журавлёв каза болду.

Бул тууралуу ишемби күнү аталган агенттик кабарлады.

Маалыматка караганда, Журавлев «согуш талаасында украиналыктардын огунан көз жумду». Ок атышуу Запорожье облусундагы Пятихатка калктуу конушунда болгон. Июнь айынын башынан бери бул айылды алуу үчүн айыгышкан согуш жүрүүдө. Буга чейин украин тарап айылды ээлегени маалымдалган.

Агенттик Журавлев менен кошо фотокабарчы Константин Михальчевский да жараат алганын кошумчалады.

Орусиянын Журналисттер союзу «Известия» басылмасынын кабарчысы жана оператору Роман Польшаков менен Дмитрий Шиков да жарадар болгонун билдирди. Аткылоого кабылгандардын арасында ТАСС агенттигинин жана «Россия» телеканалынын кабарчылары да болгону кабарланды.

Журавлев «Нежурка» Телеграм каналын алып барып, Украинадагы согушту чагылдырып келген. 2014-жылы Крымды аннексиялоого жана Донбасстагы согушка жикчилдердин катарында катышкан.

Украинада согуш башталгандан бери ондогон журналист, блогерлер ажал тапты. Орусиянын рталык чабуулунан өткөн жылы «Азаттыктын» украин кызматынын кабарчысы Вера Гирич көз жумган. Ага чейин украиналык фотограф Максим Левин орус аскерлеринин колунан каза тапкан. Киевди аткылоо учурунда орусиялык оппозициячыл журналист Оксана Баулина өмүр менен кош айтышкан.

Сүрөт: Ростислав Журавлёв. Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты