Тажикстанда бир түндө эки үй-бүлөнүн мүчөлөрү – тажиктер жана кыргыздар өлтүрүлдү (Видео)

Тажикстандагы Согд облусунун укук коргоо органдары элди дүрбөлөңгө салган эки үй-бүлөнүн алты мүчөсү — тажик жана этникалык кыргыздардын өлтүрүлүшү боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

29-майга караган түнү Канибадам шаарындагы Санжидзор айылында эки үй-бүлөнүн алты мүчөсү өлтүрүлгөн. Бир үй-бүлө – тажик, экинчиси — кыргыздар. Бул кылмыш тууралуу расмий маалымат жок.

Акыркы үч айдын ичинде эле полиция Канибадам шаарында кеминде төрт үй-бүлө өлтүрүлгөнүн кабарлады. Бардык учурларда адам өлтүрүүнүн себеби белгисиз бойдон калууда, кылмышкерлер эркиндикте жүрүшөт.

«Озоди» радиосунун маалыматы боюнча, тажик үй-бүлөдөн 38 жаштагы Махбуба Ахмедова менен анын 17 жаштагы Нозани жана 14 жаштагы Дамир аттуу балдары өлтүрүлгөн.

Маркумдардын жакындарынын айтымында, алардын сөөгүндө зомбулуктун белгилери байкалган. Махбуба Ахмедова айылдык ооруканада медайым болуп иштечү, балдары мектепте окушкан. Махбубанын күйөөсү Баходур Ахмедов Орусияда иштеп жүргөн.

Кыргыз улутундагы үй-бүлө да үч адамдан — 54 жаштагы Зулхо Иброхимова, анын 47 жаштагы иниси Абдуфаттох жана 46 жаштагы Курбонгүлдөн турган. Киши өлтүрүлгөн түнү алардын жанында Абдуфаттох менен Курбонгүл Иброхимованын үч баласы да болгон. Алар аман калышкан.

Айылдаштарынын айтымында, бул үй-бүлөнүн көпчүлүк туугандары Кыргызстанда жашайт. Зулхо Иброхимова Санжидзор айылындагы мектептин директорунун орун басары болуп иштеген. Бул мектепте негизинен этникалык кыргыз балдар билим алышат.

Бул окуя боюнча укук коргоо органдары расмий билдирүү жасай элек. Айылдын тургундары бейрасмий сүйлөшүүдө каза болгондордун үйлөрүнөн акча жана буюм-тайымдар жоголгонун айтышкан. Бул фактылар боюнча «Озоди» радиосу Тажикстандын Ички иштер министрлигине жазуу жүзүндө кайрылуу жолдоду.

Буга чейин Канибадамдын башка маалелеринде да бир нече адам белгисиз жагдайда каза болгон. Бул киши өлтүрүүлөрдүн бири-бири менен байланышы бар-жоктугу белгисиз.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты