Индиянын жарандары Орусия тарапта Украинадагы согушка катышууга мажбурланууда

  • 2 месяца мурун

Индиянын жети жараны Орусия тарапта Украинадагы согушка катышууга мажбурланып жатканына даттанып видеокайрылуу жасашты.

Алардын видеосун индиялык NDTV басылмасынын журналисти Ума Судхир «Х» социалдык түйүнүнө жарыялады.

Индия жарандарынын айтымында, алар Орусияга 2023-жылы декабрдын аягында турист катары барышкан. Ал жерден туристтик агенттиктердин бири Беларуска барууну сунуштап, алар макул болушкан. «Бизге визе керек экенин билген эмеспиз. Биз Беларуска барганда агент бизден акча сурап, ошол бойдон байланышка чыкпай калды», – деген видеодогу индиялык жарандардын бири.

Анын айтымында, Беларуста аларды жергиликтүү милиция кармап, Орусиянын бийлигине өткөрүп берген. Орусияда индиялыктарды орус тилинде жазылган документтерге кол коюуга мажбурлашкан.

Индиянын News 18 басылмасынын маалыматына караганда, андан соң алар 15 күндүк аскердик даярдыктан өткөрүлүп, согуш талаасына жөнөтүлгөн.

NDTV басылмасы жазгандай, Индия жарандарына согушка барбаса 10 жылга соттолушу мүмкүн экенин эскертишкен.

2024-жылы февралда Индиянын бийлиги орус армиясынан кете албай жүргөн 20га жакын индиялыкты мекенине кайтарууга аракет кылып жатканын билдирген.

The Moscow Times сайты алар Орусияга турист катары эмес, «көмөктөшчү персонал же жардамчы» катары барган болушу мүмкүн экенин жазган. Басылманын маалыматына караганда, Индиянын жарандарына алгач Москвада тазалык кызматкери болуп иштөө сунушталып, бирок Орусияга баргандан кийин аскерге даярдык көрүү борборуна жөнөтүлгөн.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты