Саат сайын 20дан ашуун тажикстандык орус жарандыгын алууда

  • 12 месяцев мурун

Акыркы бир жылда Орусия жарандыгын алууну каалаган чет элдик жарандардын саны азайды. Бирок бул көрүнүш Тажикстандын жарандарына мүнөздүү эмес.

Орто эсеп менен 2023-жылдын бери саат сайын 20дан ашуун тажикстандык орус жарандыгын алууда.

Орусиянын Ички иштер министрлиги быйылкы жылдын үч айында 106 миңден ашуун чет элдик орус жарандыгын алганын, бул бир жыл мурункуга караганда 35 миңге аз экенин билдирди.

Бирок Орусиянын жаңы жарандарынын арасында тажиктердин саны көбөйдү. Биринчи чейректе Тажикстандын 44 854 жараны, же күн сайын 500гө жакын адам орус паспортун алган. Былтыркы жылдын биринчи чейрегинде 33 миң тажикстандык орус жарандыгына ээ болгон.

Орусия жарандыгын алуу боюнча экинчи орунда Украина турат – 22 миң. Алардын көбү Украинанын аннексияланган аймактарынын тургундары. Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнүн статистикасы төмөнкүдөй: Казакстан – 6,9 миң, Кыргызстан – 5,4 миң, Өзбекстан – 4,7 миң, Түркмөнстан – 912 адам.

Акыркы айларда жарандыкты жеңилдетилген шартта алуу боюнча орус бийлиги кеңири үгүт иштерин жүргүзүүдө. Жарнамалык баракчалар мигранттар жыш жашаган аймактарда таратылууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты