Президент Жапаров БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту
- 1 месяц мурун
- Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, “ШКУ+” жолугушуусуна жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келген Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту.
Бул тууралуу президенттин сайтында айтылды.
“Тараптар БУУ менен өз ара аракеттенүүнүн келечегин, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, ошондой эле тоолуу аймактарга жана климатка байланыштуу демилгелерди дүйнөлүк деңгээлде илгерилетүү маселелерин талкуулады” деп айтылат маалыматта.
Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдары БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары иш алып баруусуна бурулду.
Мамлекет башчы Коопсуздук Кеңешиндеги иштин артыкчылыктуу багыттары катары эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоону, чакан жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин эл аралык процесстердеги ролун кеңейтүүнү, ошондой эле климаттык чакырыктарды жана тоолуу аймактардын көйгөйлөрүн чечүүдө эл аралык аракеттерди бириктирүүнү белгиледи.
Буга байланыштуу 2027-жылдын 21-23-октябрында Бишкекте өтө турган “Бишкек+25” экинчи глобалдык тоо саммитине даярдык маселеси талкууланды.
Президент Садыр Жапаров БУУга Саммитти биргелешип уюштурууну сунуштады.
Бишкекте 1-сентябрда Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги жыйыны жана “ШКУ плюс” форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушуу өтөт.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августта ачылат
Сүрөт: president.kg




