Украин бийлиги Донбасстын тургундарын эвакуациялайт
- 2 года мурун
Украинанын өкмөтү жылытуу мезгили башталганга чейин Донецк облусунун оккупацияланбаган аймактарынын тургундарын милдеттүү түрдө эвакуациялайт. Бул тууралуу өлкөнүн вице-премьер-министри Ирина Верещук билдирди.
Анын айтымында, аймактын Украина көзөмөлдөгөн бөлүгүндө газ түтүктөрү талкалангандыктан, кышында жылуулук берилбейт.
«Донецк облусунан кеминде 200 миң адамды эвакуациялоо пландалып жатат. Жашоочулар эвакуациялоодон жазуу жүзүндө баш тарта алышат, алар бардык кесепеттерди билишет жана өз өмүрлөрү үчүн жеке жоопкерчилик тартат», – деди Верещук.
Вице-премьер-министрдин айтымында, тургундары көчүрүлө турган кийинки аймак Запорожье облусу болушу мүмкүн. Бул облустагы жашоочулардын 65% газ жок.
Сүрөттө: Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук