УКМКнын Жайыл райбөлүм имараты капиталдык оңдоодон кийин ачылды

Бүгүн, 19-октябрда, Кара-Балта шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чүй облусунун Жайыл райондук бөлүмүнүн имаратынын капиталдык оңдоодон кийин расмий ачылыш аземи болуп өттү.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады

Иш-чарага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, башкармалыктын өздүк курамы, ардагерлер катышты.

Мааламытта жаңы имарат бардык заманбап талаптарга жооп берери жана заманбап эмеректер менен жабдылганы белгиленди.

УКМК төрагасы Ташиев өз сөзүндө улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине кайрылып, мамлекеттизн коопсуздугу үчүн жүктөлгөн милдеттерди кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын белгиледи.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты