УКМКнын мурдагы төрагасы Опумбаев Кой-Таш окуясы боюнча сотко сурак бергени барды

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 2-декабрда, Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча сот өтүүдө. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев Кой-Таш окуясы боюнча сотко сурак берүүгө барды.

УКМКнын мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев 2020-жылдагы шайлоодон кийин Кыргызстандан качып кеткендиги айтылган. Ошондон бери коомчулук алдына биринчи чыгышы. Опумбаев журналисттердин Кой-Таш окуясы жана 2020-жылдагы Октябрь окуялары боюнча суроолоруна жооп берүүдөн качты. Ал журналисттердин суроолорунан качкан себебин сурак берүүгө байланыштуу сотко чейин эч нерсе айта албасын, соттон кийин жооп берерин билдирди

Жапырт толкундоолор учурунда УКМК башчысы Опумбаев жана Кашкар Жунушалиев жеке курамды таштап, качышкан. Андан кийин бийликке Садыр Жапаров жана УКМКга Камчыбек Ташиев башчы болуп келген.  

2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл аянтка чыгып, 5-октябрдан 6-октябрга оогон түнү Ак үйдү басып алышкан. Толкундоолор учурунда абакта жаза өтөп жаткан жана тергөө абагында жаткан бир катар саясатчылар бошотулган. Алардын катарында Садыр Жапаров дагы болгон. 15-октябрда ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков мөөнөтүнөн мурда бийлигин тапшырып, Садыр Жапаров президенттин жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ал эми 2021-жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоодо Жапаров добуштардын 71,2%н алып, расмий түрдө президент болуп шайланган. 

Ал эми  Кой-Таш окуясына байланыштуу сот Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда уланууда.

Сүрөттө: Орозбек Опумбаев. RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты