УКМКнын мурдагы кызматкери өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылууга шектелип кармалды
- 3 месяца мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин атына жамынып, Ч.Б. аттуу КР жаранын кылмыш жоопкерчилигинен бошотууга көмөк көрсөтүүнү убада кылып, андан 400 000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алышкан укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин тобу аныкталды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган факты боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 3-бөлүмүндө (өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
2025-жылдын 24-июлунда кылмыш ишинин алкагында С.А. аттуу КР жараны кармалып, ага опузалоо жана пара алууга катышкандыгы боюнча айып тагылган.
Мындан тышкары, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында бул кылмышка УКМКнын мурдагы кызматкери А.Э. нин катыштыгы аныкталып, ал 130 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын кайтарып берүү учурунда кармалып, тиешелүү айыптар тагылды. Айыпталуучуларга карата Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.
Учурда кылмыштын иш жагдайларын тактоо боюнча, ошондой эле аталган кылмыштуу топтун башка катышуучуларын аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы




