УКМКнын Москва райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды

  • 4 месяца мурун

Бүгүн, 25-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК)  Чүй облусунун Москва райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын расмий ачылыш аземи болуп өттү.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы маалымдады.

Анда айтылгандай, иш-чарага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.Жумагазиев, Чүй облусунун Москва районунун акими Н.Э. Козуев, башкармалыктын өздүк курамы жана ардагерлер катышты.

Жаңы имарат заманбап талаптарга жооп берет.  

Ушуну менен Чүй облусу боюнча атайын кызматтын бөлүмдөрү жаңыланып бүттү.

УКМКнын Москва райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты