УКМКнын Бишкек башкармалыгынын экс- башчысы Жакыпбеков 15-апрелге чейин камалды   

  • 4 недели мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков 15-апрелге чейин камакка алынды.

Бул тууралуу чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук слту 16-февралда чыгарды.

Жакыпбековго Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча айып тагылып жаткандыгы айтылууда.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалганы боюнча  маалымат тараган. Аны Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы ЖМКга тастыктаган.

14-февралда УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы болуп Улан Бийбосунов дайындалган.  

Социалдык тармактарда Элдар Жакыпбеков камалгандан кийин, анын «Пито», «Вазелин», «Пахта», «Кошелек» ж. б. каймана аттуу «кырк чоросу» кармалып, камалып жаткандыгы боюнча маалыматтар, сүрөттөр, видеолор тарап жатат.

Сүрөттө: Ортодо Элдар Жакыпбеков.Социалдык тармактардан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты