УКМКнын Бишкек башкармалыгынын мурдагы башчысы кармалганы айтылууда

  • 3 недели мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалганы боюнча  Kaktus media жеке булактарынын маалыматы боюнча билдирди.

Буга чейин да Элдар Жакыпбековдун камалганы тууралуу маалымат тарап, бирок ал төгүндөлгөн болчу.

10-февралда УКМК басма сөз кызматы мындай деп билдирген:  

-Элдар Жакыпбековдун кармалганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Ведомствонун маалыматына ылайык, УКМК кызматкерлеринин кармалышы жөнүндө кабарлар негизсиз.

“Бардык кызматкерлер өз иш орундарында. Жарандарды жалган маалыматтарды таратпоого жана расмий булактарга гана ишенүүгө чакырабыз”,- деп айтылган маалыматта.

14-февралда УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын башчыс болуп Улан Бийбосунов дайындалган.  

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты