УКМКнын Аскердик-медициналык кызматынын имараты ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-январда, Бишкек шаарындагы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Аскердик-медициналык кызматынын жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.

Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымдалды.  

Маалыматта айтылгандай, 1951-жылы Улуттук коопсуздук органдарынын Аскердик-медициналык кызматы өзүнчө түптөлгөн. Анда дарылоо мекемелеринин өздүк курамын дайындоо менен штаттык бирдиктер расмий түрдө аныкталган.

Медициналык комплекстин курулушу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен ишке ашырылганын президент баса белгиледи.

Жалпы аянты болжол менен 15 миң чарчы метр болгон жаңы имарат операциялык блокту, реанимация жана реабилитациялык медициналык тейлөөнү ишке ашыруучу аскердик бейтапкананы камтыйт. Ошондой эле адистештирилген жана стационардык медициналык жардам көрсөтүлө турган аскердик оорукана бар. Анын ичинде жүрөк-кан тамыр оорулары жана жалпы хирургия бөлүмдөрү да ачылган.

Мындан тышкары, медициналык комплекс заманбап жабдуулар менен жабдылган, санариптик медициналык технологиялар жана жогорку технологиялык хирургия киргизилген. Ал Аскердик медициналык кызмат коопсуздук комитетинин эле эмес, Чек ара жана 9-кызматтын аскер кызматчыларын, ардагерлерди, пенсионерлерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн алкагында сот жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин да тейлейт.

УКМКнын Аскердик-медициналык кызматынын имараты ачылды
УКМКнын Аскердик-медициналык кызматынын имараты ачылды
УКМКнын Аскердик-медициналык кызматынын имараты ачылды
УКМКнын Аскердик-медициналык кызматынын имараты ачылды
УКМКнын Аскердик-медициналык кызматынын имараты ачылды

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты