УКМКнын айрым кызматкерлерине коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголду
- 3 месяца мурун
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) айрым кызматкерлерине коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголду.
Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
“УКМКнын айрым кызматкерлери жана алар менен байланышкан адамдар ишкерлерден жана кылмыш иштери боюнча фигуранттардан, мамлекеттин пайдасына өткөрүлүүгө тийиш болгон акча каражаттарын жана мүлктүк укуктарды мыйзамдуу өткөрүп берүү деген шылтоо менен өздөрүнө ыйгарып келишкендиги аныкталган” деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.
Аталган факты боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин коррупция беренеси менен кылмыш иши козголду.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




