УКМКга кайрылуу жасаган Николай Казейкинге ID карта жана жалпы жарандык паспорт тапшырылды

  • 11 месяцев мурун

23-майда Facebook социалдык тармагында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын атына Николай Николаевич Дядькин аттуу жаран Кыргыз Республикасынын улуттук паспортун алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылуу жарыяланган. УКМК бул өтүнүчтү канааттандырды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

Кайрылууда Дядькин Николай жаштайынан ата-энесинен ажырап, өзүнүн чыныгы фамилиясын билбегендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын паспорттору менен эч качан документтештирилбегендигин белгилеген.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары тарабынан Дядькин Николайдын ата-тегин аныктоо боюнча бир катар иш-чаралар жүргүзүлүп, натыйжада алынган архивдик материалдардын негизинде ал Николай Николаевич Казейкин деп табылып, 1991-жылы Бишкек шаарында туулганы, улуту орус, ата-энеси чындап эле эрте каза болгону аныкталган. Үй-бүлөлүү, бир кызы бар.

12-июнда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Николай Николаевич Казейкинге Кыргыз Республикасынын идентификациялык (ID) картасын жана жалпы жарандык паспортун жеке өзү тапшырды.

УКМКга кайрылуу жасаган Николай Казейкинге ID карта жана жалпы жарандык паспорт тапшырылды
Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты