УКМК: Жер тилкелериндеги махинацияга шектелип, компания директору кармалды
- 3 месяца мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан «К.KG» жоопкерчилиги чектелген компаниянын (ЖЧК) директору Б.Б.Ж. жарандардын ишениминен пайдаланып, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жайгашкан мамлекеттик жер тилкелерин пайдалануу боюнча жасалма укуктарды ишке ашыргандыгы аныкталгандыгын билдирди.
Тактап айтканда, Б.Б.Ж. мурда калкка жер участокторун топографиялык сүрөткө тартуу боюнча кызмат көрсөтүп, бош жер тилкелеринин жайгашкан жерин билип туруп, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун токой фондусунун 71 гектер жер тилкесин пайдалануу укугуна жалган күбөлүк жасап, КР жараны Т.Б.га 115 миң АКШ долларына сатып жиберген.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин негизинде Б.Б.Ж. кармалып, Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) убактылуу кармоочу жайына камалды.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




