УКМК: Жер мыйзамдарын одоно бузуу фактылары аныкталды

  • 1 год мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Кадамжай райондук прокуратурасы менен бирге жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө 16 ишмердик жүргүзүүчү субъект тарабынан жер мыйзамдарын одоно бузган фактылары аныкталды.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Кадамжайдагы “Анкурсай” сел жүрүп кетчү кооптуу жерге соода объектилерин өзүм билемдик менен курган фактылар ачыкка чыкты.

Бул факты боюнча 14-апрелде кылмыш-жаза кодексинин 214-беренесинин 1-бөлүмү менен кылмыш иши козголгон. Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты