УКМК: Жашыруун улутчул топ мүчөлөрү кармалды

  • 12 месяцев мурун

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда улутчулдардын жашыруун тобу азиат тегиндеги адамдарга мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап, видеого тартып, социалдык тармактарга жарыялап жаткандыгы тууралуу маалыматтар алынган. Улутчул топтун мүчөлөрү өздөрүнүн видеолорунда фашисттик символдорду колдонушкан.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, атайын кызматтын кызматкерлери аталган топтун үч мүчөсү Кыргыз Республикасынын жарандары, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундары С.Б.М., Н.Р.В. жана С.Г.Р. экенин аныктап, аларды кармады.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда жашыруун улутчул топтун башка мүчөлөрүн аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бул кишилердин аракеттеринен жабыр тарткандар болсо  УКМКнын ишеним телефонуна (0312 66 04 75) кайрылыңыздар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты