УКМК: Жарандарды коркутуп, акча талап кылып жүргөн блогер кармалды

  • 4 недели мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жалал-Абад шаарында жарандарды коркутуп, акча талап кылып жүргөн «Айка Мусаева» аттуу блогер кармалганын кабарлады. УКМК блогер Жалал-Абад облусунун Сузак жана Ноокен райондорунда активдүү иш алып барып жүргөнүн билдирди.

Маалыматта айтылгандай, кармалган блогер Сузак районунун ишкерлеринен жана колунда бар жарандарды коркутуп, социалдык тармактарга терс сүрөттөрдү жана видеолорду жарыялайм деп коркутуп, акча каражатын талап кылып жүргөн. Учурда тергөө тарабынан 120 миң жана 80 миң сом акча талап кылуу жана алуу боюнча 2 факты аныкталган.

«Кээ бир учурларда Айка Мусаева аттуу жаран УКМК менен байланышы бардыгын айтып, кызыкдар болгон тараптар менен сүйлөшүп алып, өз ара пайыздык ченемдерди макулдашып, акчалай карыздарын кайтарып берүү боюнча жеке кызмат көрсөткөн.
«Айка Мусаеванын» бул кылмыштуу иш-аракети Сузак айылдык кеңешинин спикери Х.Ж. менен сүйлөшүлүп жасалган, ал дагы кармалды»,- деп билдирди УКМК.

Учурда бул кылмыштуу аракеттердин бардык эпизоддорун аныктоо боюнча тергөө амалдары жүрүп жаткандыгы айтылды.

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты