УКМК Жамгырчиевдин БАЭге барып, Куренов менен жолукканы боюнча тергөө жүрүп жаткандыгын билдирди

  • 19 часов мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эмил Жамгырчиев активист Тилекмат Куренов менен жолугушуу максатында Бириккен Араб Эмираттарына, Дубай шаарына барган факты боюнча УКМКга суракка чакырылганын кабарлады.  

Аны мындан ары жоопкерчиликке тартуу менен алардын жолугушуусунун себептери такталууда.  Учурда тергөө иштери жүрүп жаткандагы маалымдалды.

Активист Тилекмат Куренов (Тилекмат Кудайберген уулу) Фейсбук баракчасы аркылуу “Баары жакшы, бошотушту. Суракка алышты. Шашпай маалымат берем” деп билдирди.

Буга чейин социалдык тармакта, журналист Болот Темиров Дубайда Тилекмат Куреновдун паспорту жоголгонун жана ал өлкөдөн чыга албай жатканын кабарлаган. Анын АКШдан Бириккен Араб Эмираттарына, Дубайга келишине жана паспортунун жоголушуна мурдагы депутат Эмил Жамгырчиевдин тиешеси болушу мүмкүн экенин билдирген.   

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эмил Жамгырчиев социалдык тармактарда тараган Тилекмат Куреновго байланыштуу анын дарегине айтылган сөздөргө жооп берди.

“Атам ооруп жаткандыктан чет жакка чыгарымды айтсам, Бириккен Араб Эмираттарына билет алып берүүмдү суранып, ошол жактан кызына каржы жагынан жардам бере ала турган адамдар менен тааныштырып коюумду өтүндү. Дубайдан жолукканыбыз чын, колумдан келген жардамымды берип, чогуу тамактандык» деди Эмил Жамгырчиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) бийликти күч менен басып алуу, мамлекеттик төңкөрүш уюштуруу аракетине шектелип, Имамидин Ташов менен Тилекмат Куреновдун активдүү өнөктөштөрү кармалганын кабарлаган.  

Тилекмат Куренов болсо, АКШга чыгып кеткени маалым болгон. Ал эми Дубайда Тилекмат Куренов менен бирге жүрөт деген Эмил Жамгырчиевди Бишкектин Биринчи май райондук соту УКМКнын Тергөө башкармалыгынын өтүнүчүнүн негизинде эч жакка кетпөө тил каты менен бошоткон.

Өткөн жылы 27-декабрда Жамгырчиевге кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен иш козголгон.

Сүрөт коллажы: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты