УКМК: Жайыл райондук “Кадастр” мекемесинин башчысы кармалды

  • 1 месяц мурун

Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин Жайыл райондук филиалынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз аракеттердин фактылары аныкталды.

Бул тууралуу улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин Жайыл райондук филиалында жана кызмат адамдарынын жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлүп,  машинкалар жана эски үлгүдөгү мамлекеттик бланктар боюнча 2004-жылы чыгарылган Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин мөөрү, жеке менчик укугуна жаңы жана катталбаган мамлекеттик актылар аныкталып, алынган.

Мындан тышкары жер тилкелерине жеке менчикке мамлекеттик актыларды мыйзамсыз берүү, тактап айтканда, документтин түп нускасын жасалмалоо жана аларды «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин реестрине каттоо  жолу менен ишке ашырылгандыгы  аныкталган.

Козголгон кылмыш иштин алкагында «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Жайыл филиалынын башчысы И.Р.Р. кармалып, №21 тергөө абагына киргизилди.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты