УКМК: Өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен фармацевтикалык ишкананын директору кармалды

  • 1 год мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан чет өлкөлүк жаран башчылык кылган “А.К.” фармацевтикалык ишканасынын мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдөгү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысы аныкталды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

Салык боюнча текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, аталган фармацевтикалык ишкана тарабынан 17 млн сомдон ашык суммадагы салыкты жашыруу фактылары аныкталган. Өз кезегинде компаниянын өкүлдөрү мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрүн азайтуу жана кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүндө жагымдуу шарттарды түзүү максатында, маселенин оң жагына чечилиши үчүн акчалай сыйлык берүүнү сунуш кыла башташкан.

Бул факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында фармацевтикалык ишканасынын директору Е.А жана ортомчу А.А. УКМКнын кызматкерине 40 миң АКШ долларын пара катары берип жаткан жеринен кармалды. Кармалгандар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты