УКМК: Woody Exchange крипто алмаштыруунун кылмыштуу ишмердүүлүгү токтотулду

  • 1 месяц мурун

31-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Өзбекстан жараны, 2000-жылы туулган А.О. кармалды.

Ал Кыргызстан,  Казакстан, Өзбекстан жана Россия аймактарында иштеген “Принцесса Дури” тармагына кирген онлайн дары-дармек дүкөндөрү аркылуу, Кыргыз Республикасында жаңы түзүлгөн  Woody Exchange крипто алмаштыруу мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен, электрондук капчык жана банктык эсеп аркылуу синтетикалык баңги каражаттарын сатуудан түшкөн акча жүгүртүүсүн уюштуруу, накталай акчага айлантууну көзөмөлдөө жана баңгизаттарды сактоочу жайларга жөнөтүүнү уюштуруу максатында  январь айында Бишкек шаарына келген.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

“Трансулуттук уюшкан кылмыштуу баңги тобун каржылоого көмөктөшүүнү документтештирүү жана эсепке алуу максатында УКМК тарабынан «Мефедрон» баңги затын «контролдук сатып алуу» жолу менен «Принцесса Дури» дарыканасы аркылуу Woody Exchange крипто алмаштыргычынан сатылып алынды. Муну менен трансулуттук уюшкан кылмыштуу топту каржылоого жардам көрсөтүүгө крипто алмаштыргычтын катышканы тастыкталды. Кармалган жарандын жашаган жеринен буюм далилдери, атап айтканда, дарыканалардын каржылык операцияларында колдонулган 100гө жакын банк картасы, 18 уюлдук телефон жана ноутбуктар алынды” деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, синтетикалык баңгизат сатуудан банктык карталарга күн сайын болжол менен 40-50 миң АКШ доллары түшүп турган. Алар крипто-валютага алмаштырылып, кураторлордун эсептерине которулган. (Акча алмаштыруучу жай иштей баштагандан бери жалпы сумма болжол менен 240 млн. сомду түзөт)

Учурда Өзбекстан жараны УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты