УКМК уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсүн кармады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана аны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын  алкагында маркум К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү — Т.К.И. кармалды.

“Т.К.И. 2025-жылдын январында топтук тинтүүнү уюштуруу менен КР жарандарынан 1 млн. 300 миң сом суммадагы акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алган. Мындан тышкары, физикалык коркунуч көрсөтүү менен жеке ишкерге таандык 10 миң АКШ долларын жана 60 миң АКШ долларын түзгөн өндүрүш жабдууларын ээлеп алган. Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 31-мартында Бишкектеги “Халва” кафесинин жанында бычак менен жасалган кол салууга тиешеси бар, мурда УКМК тарабынан кармалган адамдар да, Т.К.И.нин  кылмыштуу чөйрөсүнүн мүчөлөрү болгон” деп айтылат маалыматта.

 УКМК Т.К.И.нын кылмыштуу коомунун мүчөлөрүнө карата алардын кылмыш ишинин башка фактыларын аныктоо үчүн тергөө-ыкчам иш-чараларын улантууда.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты