Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев кармалды
- 12 месяцев мурун
Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев, муниципалдык башкаруу башкармалыгынын башчысы Алишер Туратбек уулу жана “Аль Кадр” курулуш компаниясынын башкы директору кармалды.
Бүгүн, 24-июнда, Токмок шаарынын мэриясынын жыйындар залында мэриянын жооптуу кызматкерлери жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан жыйын болгон. Анда шаардагы көйгөйлүү маселелер, анын ичинде жаңы курулган парк тууралуу сөз жүргөн.
Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев жана муниципалдык башкаруу башкармалыгынын башчысы күч структуралары тарабынан ошол жыйын учурунда кармалган видео тасма да тарады.
Максат Нусувалиев Токмок шаарынын мэрлик кызматына 2023-жылы 13-майда дайындалган.
Сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




