УКМК: Тиешелүү документтери жок селитра жүктөлгөн унаа кармалды

2-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан мамлекеттик бажы кызматынын “Баткен” бажысы менен бирге “Развилка” стационардык постунан Халмион айылы – Баткен шаары багытында бара жаткан Кыргызстандын Ы.З.А. аттуу жаранынын башкаруусундагы “Хово” үлгүсүндөгү автоунаа кармалган.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Унаанын айдоочусунун айтымында, унаага майда уратылган таштар жүктөлгөн. Бирок дыкат текшерүү учурунда майда таштардын алдынан Өзбекстан Республикасынан чыгарылган 285 кап минералдык жер семирткич (селитра) табылган.

Айдоочуда минералдык жер семирткичтерге тиешелуу документтер болгон эмес.

Кармалган унаа Баткен шаарындагы бажы терминалына алынып келинип, таразага тартылгандан кийин, ташылган селитранын жалпы көлөмү 14 миң 250 кг түздү. Жүктүн болжолдуу баасы 570 миң сомду түзөт.

Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинде (экономикалык контрабанда) каралган кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштү каттоо маселеси каралууда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты