Социалдык отун базаларындагы көмүрдү коммерциялык түйүндөрдө жогору баада сатуу схемасы аныкталды
- 9 месяцев мурун
Бишкекте социалдык отун базаларына арналган көмүрдү коммерциялык түйүндөрдө жогорулатылган баада сатуу схемалары аныкталды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, жеке баюуга кызыкдар адамдардын көрсөтүлгөн аракеттери социалдык отун базаларында көмүрдүн тартыштыгынын пайда болушуна өбөлгө түзүп, анын натыйжасында көмүрдүн баасынын жогорулашына жол ачкан.
Жеке менчик оор жүк ташуучу унаа ээлери социалдык отун базаларына көмүр жеткирүү шылтоосу менен жеке отун базаларынын ээлери (“Кыргызкөмүр” менен келишим түзгөн жеке ишкерлер) Кара-Кечеден көмүр жүктөп, аны Бишкектеги коммерциялык жайларга түшүрүп, ал жерде жогору баада сатылган.
Ал эми отун базалары иштеп турса да, көмүр сейрек түшүрүлүп, анын белгилүү бир бөлүгү коммерциялык пункттарда сатылып тургандыгы аныкталды.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




