Кылмыш иши козголгон жарандан 46 миң АКШ долларын алдоого шектүүлөр кармалды
- 3 недели мурун
- Видео
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) атайын кызматтын төрагасынан орун басарынын атын жамынып, козголгон кылмыш ишин жаптырууну убадалап алдап, жалпысынанн 46 миң АКШ долларын алган.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
УКМК басма сөз кызматынын маалыматында айтылгандай, 2025-жылдын ноябрь айында 1978-жылы туулган С.И.И. жана 1982-жылы туулган А.А.Б. аттуу жарандар УКМК төрагасынын орун басарынын атын жамынып, К.Д. аттуу адамга карата козголгон кылмыш ишин токтотууну убада кылып алдап, жалпысынан 46 миң АКШ долларын ээлеп алышкан.
Бул факт боюнча кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «Алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголды. аталган кылмышка тиешеси бар алты адам аныкталып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.





Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы




