Кадастр ишканасынын Ош филиалынын башчысынын орун басары кармалды
- 2 месяца мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Оштогу филиалынын башчысынын орун басары Ш.К.С. кармалды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган жаран жеке адамдардын кызыкчылыгы үчүн аянты 55,36 гектар жер участогун мыйзамсыз өткөрүп берүү жана трансформациялоо боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында кармалган.
Тергөөнүн жүрүшүндө Ш.К.С. мыйзамда белгиленген тартипти бузганына карабастан, айрым кызмат адамдары менен келишип алып, 55,36 гектар аянттагы жер участогунун максаттуу багытына өзгөртүү киргизүү менен жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт түзгөнү аныкталган.
20-ноябрда Ош шаардык соту Ш.К.С.ны УКМКнын тергөө абагына камакка алуу чечимин кабыл алды.
Тергөө иштери улантылып жатат.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




