УКМК телефон аткезчилигинен 100 млн сом зыян келтирилгенин маалымдады
- 2 месяца мурун
Уюлдук телефондорду контрабандалоонун туруктуу коррупциялык схемасы ачыкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
УКМК тарабынан мобилдик телефондорду айрым импорттоочулар Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери жана башка кызмат адамдары менен туруктуу коррупциялык байланышты түзүү менен, белгилүү дүйнөлүк бренддердеги кымбат баалуу уюлдук телефондорду Кыргызстандын аймагына аткезчилик жолу менен алып келишкендиги жана бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу максатында, мамлекеттик чек араны кесип өткөн Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин кабарсыз жарандарына мыйзамсыз катташкандыгы жөнүндө маалымат алынган.
«Ошону менен бирге чек ара кызматынын кызматкерлери мыйзамсыз түрдө материалдык жана башка пайда алуу максатында жеке импортчуларга уюлдук аппараттарды аткезчилик жол менен алып өтүүгө жана аларды каттоого жогоруда аталган жарандардын паспорттук маалыматтарын берүү жолу менен көмөк көрсөтүшкөн.
Буга байланыштуу УКМКнын тергөө органдары тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2024-жылдын 3-декабрында Бишкек шаарындагы ЦУМ «Айчүрөк» жана «Beren Gold» соода борборлорунда, ошондой эле катталбаган мобилдик түзүлүштөрдү алуу максатында Ош шаарындагы “Уюлдук телефондордо” тинтүү иш-чаралары жүргүзүлдү. Алдын ала маалыматтар боюнча мамлекеттик бюджетке 100 миллион сомдон ашык зыян келтирилген», — деп жазылат маалыматта.
УКМК өлкөнүн бардык мамлекеттик түзүмдөрүндө коррупциянын элементтерин өз убагында аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чараларды көрүүнү улантууда.