УКМК тарабынан социалдык тармактардагы блогер кармалды
- 1 год мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан социалдык тармактарда «Жазира Осмонова» деген ат менен белгилүү болгон О.Ж.С. аттуу жаран кармалды.
Кармалган О.Ж.С өзүн журналисттик иликтөөлөрдү чагылдырган блогер катары тааныштырып, бизнес өкүлдөрүнөн опузалап акча талап кылууга шектелүүдө.
УКМК басма сөз кызматы билдиргендей, О.Ж.С., И.Ч.И. аттуу ишкерди Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы базарлардын биринин ижарачыларынан ижара акысын мыйзамсыз жыйнаган деп айыптап, опузалап, андан кийин интернет тармактарга материалдарды жарыялоо жолу менен жабырлануучудан бир нече жолу ири суммадагы акча каражаттарын алган деген шек бар.
О.Ж.С. буга чейин да ушундай эле факт боюнча кармалган дагы бир белгилүү блогер «Айка Мусаева» менен жакын байланышта болгон.
Учурда анын ушул сыяктуу башка фактыларга тиешеси бар экендиги текшерилип жатат.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




