УКМК: Талапкер Дайырбековдун ишенимдүү адамы добуш сатып алууга шектелип кармалды

Бүгүн, 27-ноябрда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан шайлоочулар арасында акча каражаттарын бөлүштүрүп жаткан жеринен Бишкек шаарынын Свердлов райондук бир мандаттуу округу боюнча өзүн көрсөткөн талапкер Таалайбек Дайырбековдун ишенимдүү өкүлү П.А.Д. шайлоочулардын добушун сатып алууга шектелип кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Кармалган жаран мыйзам бузуу менен, Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкердин штабынын расмий эмес кызматкери болуп, айрым жарандарды мыйзамсыз үгүт иштерине тартып, шайлоочуларды акчалай сыйлыкка тартуу боюнча иш жүргүзгөндүгү аныкталды.

Алар тарабынан штаб катары пайдаланылган жайларды тинтүү учурунда шайлоочулардын даректерин көрсөткөн тизмелери менен ири суммадагы акча каражаттар табылган.

Учурда жогоруда аталган фактыларды аныктоо жана документтештирүү, ошондой эле шайлоочуларды сатып алуу процессине катышкан башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК ЖК депутаттыгына талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан КР шайлоо мыйзамдары бузулган учурда, КР колдонуудагы мыйзамдарынын чегинде катуу чаралар көрүлөөрүн эскертет.

УКМК: Талапкер Дайырбековдун ишенимдүү адамы добуш сатып алууга шектелип кармалды
Сүрөт жана видео: УКМК басма сөз кызматы.

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты