УКМК Түркия  жарандарынан мыйзамсыз акча алууга шектүү милиция кызматкерин кармады

  • 2 недели мурун

Ички иштер министрлигигин (ИИМ) ички иликтөө кызматынын Талас облусу боюнча кызматкери Э.М.А. түрк жараны Х.К.нын ишенимине кирип, 35 500 АКШ долларын ээлеп алганы аныкталды.

Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Э.М.А. чет өлкөлүк инвестор менен «Паслен» тукумундагы кымбат баалуу чөп өсүмдүктөрүн (уруктарынын 1 кг баасы 3 миң АКШ долларын түзөт) отургузуу жана өстүрүү, андан ары Түркияга экспорттоо боюнча макулдашкан. Бирок акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алган.

Мындан улам, 2025-жылдын октябрь айында инвестор ИИМге  алдамчылык боюнча милиция кызматкерине карата чара көрүү өтүнүчүндө арыз менен кайрылган. Бирок, чет өлкөлүк инвестордун катышуусунда тиешелүү текшерүү жана тергөө аракеттери жүргүзүлбөстөн, ИИМдин тергөө органдары кызматкердин кызыкчылыгы үчүн кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алышкан.

2026-жылдын 27-январында Түркия жараны бул факты боюнча УКМКга кайрылган. Андан кийин прокуратура органдары тарабынан мурда каралган материалдар УКМКнын тергөө органдарына өткөрүлүп берилген.

24-февралда Э.М.А. кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып, Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүнн (ШИИБ) убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери улантылууда.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты