УКМК төрагасынын жакындарынын атына жамынып, 240 миң доллар алдап алууга шектүү кармалды
- 2 недели мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында жогорку кызматтагы адамдардын жана алардын жакын туугандарынын атын колдонуу менен өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы аныкталды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Ж.И.Р. аттуу жаран, ар кандай маселелерди чечүү үчүн жарандарды адаштырып, алардан ири өлчөмдөгү акча каражатын алып, кийинчерээк жогорку кызматтагы адамдардын жакын туугандары менен жеке тааныштыгына жамынып алып, өз милдеттерин аткаруудан баш тарткандыгы аныкталган.
«УКМКга Т.Т.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, аталган Ж.И.Р. УКМКнын төрагасы Ташиевдин уулунун атына жамынып алып, 240 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын ээлеп алгандыгын билдирген. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жыйынтыгында Ж.И.Р. аттуу жарандын УКМК төрагасынын жакын туугандары менен эч кандай мамилеси болбогону аныкталды. Ж.И.Р. №1 тергөө абагына кармалып, камакка алынды» деп айтылат маалыматта.
Учурда мыйзамсыз ишмердүүлүктүн бардык катышуучуларын жана келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоого багытталган тергөө иштери улантылууда.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы