УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбеков эки айга камалды

  • 1 неделя мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбеков эки айга камакка алынды.

Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Уранбек Шадыбеков 2-сентябрга чейин камакта болот.

Шадыбеков коррупцияга шектелип, жакында кармалган.   

Беш ай мурда Уранбек Шадыбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору болуп дайындалган. Жакында Уранбек Шадыбеков кызматынан бошотулган.

Сүрөт: УКМК. Кармоо учурунда

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты