УКМК төрагасы жардам сурап кайрылган үй-бүлөгө бир бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды
- 3 недели мурун
Бүгүн, 4-мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев муктаж болгон үй-бүлөгө 1 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-февралда Канышай Махратбек кызы аттуу жаран УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, ал бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгенин, тагыраагы көзүнүн көрүүсү начар экенин, ажырашып кеткенин, үч баланы жалгыз тарбиялап жатканын, ошондой эле улуу кызы да бала кезинен майып экенин, Бишкектеги угуусу начар жана кечирээк укпай калган балдардын мектеп- интернатында окуп жатканын билдирген. Учурда балдары менен убактылуу батирде жашап жатат.
«Махратбек кызынын туруктуу жумушу жок, бирок кайрымдуу жарандар тарабынан үй-бүлөсүн багууга, дарыланууга көмөктөшүү максатында кайрымдуулук уюмдарына кайрылып келишкен.
Буга чейин, алар турак жай маселесине байланыштуу да жардам сурап кайрылышкан, бирок натыйжа болгон эмес. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Махратбек кызынын муктаж үй-бүлөсүнө батирдин ачкычын тапшырып, каалоо-тилектерин айтты», — деп жазылат маалыматта.