УКМК төрагасы Ташиев убактысы эмнеге аз калгандыгынын себебин түшүндүрдү  

  • 1 год мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев мурдагы билдирүүсүндө эмнеге убактысы аз калды деп айткандарына түшүндүрмө берди.   

-Мен убакыт аз калды деп өзүм жөнүндө айтып жатам. Жеке турмушумду коомчулукка алып чыга албайм, бул жумуш менен байланышкан. Улуттук коопсуздук комитетин башкаруу убактысы менде деле азайып жатат. Мен бул жерде чоюлуп отурбайм. Бул жерде 10-15 жыл отурбайм да, отурайын дегенде да андай болушу мүмкүн эмес. Мына, эки жарым жыл өтүп кетти. Биз пландалган жумуштардын баарын аткарып үлгүрүп калышыбыз керек.  

Мен иштеп турган убагымда көп нерсеге үлгүрүп калышым керек, коррупционерлердин, бандиттердин, мамлекетке зыяны тийген адамдардын тамырын кыркышым керек. Мен жумуштан кеткенден кийин ошол адамдар мага эле эмес, коомубузга да зыянын тийгизе албай турган болуп калышы керек. Мына ушуга убакыт аз калды,-деди Камчыбек Ташиев.  

Буга чейин Качыбек Ташиев «Же мени коорупционерлер жеңет же болбосо мен буларды мыйзамдуу тартипке саламын. Мамлекет башчыбыздын менин алдыма койгон тапшырмасы ушундай, урматтуу мекендештер, коомубуз бирдикте күчтүү, акыйкаттуу мамлекетти курабыз. Баарыбыздын убактыбыз өтүп жатат, а меники өтө аз калды. Үлгүрүшүбүз керек» деп билдирген.

«Эми биз коррупционер келтирген зыянды эле эмес, колундагы баардык мүлкүн жана соттон мыйзамдын беренесинде каралган эң жогорку жазаны чектейбиз, көзөмөлдөйбүз. Коомубуз түшүнүш керек: биз аёосуз күрөш жана ачык айкындуулук менен гана мамлекетибизди өнүктүрөбүз» деген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты