УКМК соцтармактарда тараган видеодогу аялды сабаган ИИМ кызматкерин кармады
- 1 год мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан интернетте аялга зомбулук көрсөткөн кишиге байланыштуу видео тасма боюнча ыкчам чара көрүлдү.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, видео тасмада көрсөтүлгөн мыйзамсыз аракеттерди ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын багыттагы полкунун кызматкери Р.О.Б. жасагандыгы аныкталды.
Н.к.Н. аттуу жарандын арызында, 2025-жылдын 17-майында ГЭС-5 аймагында мас абалында Р.О.Б. аттуу жаран бетине чаап жибергендиги айтылган.
Аталган факты боюнча УКМК тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, ИИМдин ички иликтөө кызматынын Бишкек шаары боюнча ички иликтөө бөлүмү менен бирге жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында Р.О.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Мындан тышкары, ага карата 2024-жылдын июнь айында медициналык кызматкерди сабоо фактысы боюнча дагы бир кылмыш иши козголгону аныкталды.
Бул эки окуя тең коомчулукта чоң нааразылыктарды жараткан.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




