УКМК социалдык тармакта чагымчыл делген видео тараткан жаран кармалганын билдирди

  • 2 месяца мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) социалдык тармакта курулушу сапатсыз жүргүзүлүүдө деп чагымчыл видео тасма тараткан жаран кармалганын жана ага кастыкты козутуу боюнча кылмыш иш козголгонун билдирди.

УКМК басма сөз кызматынын маалыматында айтылгандай, Инстаграмм баракчасында mamyrbaev аккаунтунда 1986-жылы туулган М.Б.М. кытай жарандары тарабынан курулуш сапатсыз жүргүзүлүп жатат деп, мамлекеттик ипотекалык  компанияга таандык көп кабаттуу үйдүн курулушун көрсөткөн.

Аталган М.Б.М. аттуу жаран курулуш тармагында иштээри белгилүү болгон, курулуш объектисинин долбоорунун өзгөрүлгөндүгү, курулуштун сырт тарабы өзгөртүлүп жатканы тууралуу маалыматы болуп туруп, кытайлык курулушчуларды жаман аттуу кылуу максатында курулуш сапатсыз деп, чагымчылдык жасагандыгы аныкталганы айтылат.  

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан видео тасмадагы айтылгандар жокко чыгарылган, долбоор оңдолуп, терезелери алынып, жаңы долбоорго ылайыкталып, оңдолуп жаткандыгы айтылат.

Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси, улут аралык кастыкты козутуу боюнча кылмыш иши козголду.

М.Б.М. УКМКнын убактылуу камак жайына камалды. Тергөө улантылууда.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы        

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты