УКМК Шопоков шаарынын мэрине коррупция боюнча кылмыш ишин козгоду
- 1 неделя мурун
- Видео
Улуттук коопсуздук мамлекуеттик комитети (УКМК) тарабынан мамлекеттик бийлик тутумундагы коррупциялык схемаларды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, Шопоков шаардык мэриясынын кызмат адамдарына карата – товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу иштеринде, мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүүдө коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголду.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдан азыркы учурга чейин Сокулук районунун Шопоков шаарынын мэриясы тарабынан товардык материалдык баалуулуктарды сатып алуу боюнча тендер өткөрүлүп, анда «Юниверсал сервис» жана «Матумба» ЖЧКлары жеңүүчү деп жарыяланып келген.
Ошол эле учурда, Шопоков шаарынын мэри С.Н.С.нын тапшырмасына ылайык, жогоруда аталган ишканалар мэриянын инвестицияларды тартуу жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адиси К.А.А.нын классташтары А.А.М. жана О.С.О. аттуу жарандарга катталып, алар формалдуу түрдө компаниялардын жетекчилери болуп көрсөтүлгөн.
Алынган маалыматка ылайык, жогоруда аталган «Юниверсал Сервис» жана «Матумба» ЖЧКларынын ишмердүүлүгүн Шопоков шаарынын мэри жана мэриянын мамлекеттик сатып алуулар боюнча адиси жетектеп, жасалма жумуштарды жүргүзүп, бул аркылуу бюджеттик каражаттарды жеке баюу максатында мыйзамсыз сыртка чыгарып кетүү менен алектенишкен.
“Бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз калчоо боюнча коррупциялык схема түздөн-түз Шопоков шаарынын мэри С.Н. С. көрсөтмөсү боюнча уюштурулгандыгы, ошондой эле сатып-алууларды жасалмалоодон түшкөн акча каражаттары өз ара бөлүштүрүлгөндүгү жөнүндө маалыматтар «инвестицияларды тартуу жана мамлекеттик сатып алуулар» боюнча мэриянын башкы адиси К.А.А. -нын көрсөтмөсүнө ылайык тастыкталды.
Ошондой эле, кылмыштын изин жашыруу максатында Шопоков шаардык мэриясынын кызмат адамдары ар бир жасалма сатып алуу иштеринен, 1 миң сомдон 5 миң сомго чейинки акча каражатын «Юниверсал Сервис» ЖЧКсынын формалдуу директору А.А.М.-га сый акы катары которушкан.
Алдын ала жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүлөрдүн натыйжасында, республикалык бюджетке 9 миллион сомдон ашык зыян келтирилген“ деп айтылат маалыматта.
Ошол эле учурда С.Н.С. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өзүнүн жакын тууганын айдоочулукка дайындап, ал бир учурда эле «Шопоков-Унаа» муниципалдык ишканасында айдоочу болуп иштеп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуп, эки жерден эмгек акы алып жүргөндүгү аныкталган.
Топтолгон маалыматтардын жана тергөө-ыкчам материалдарынын негизинде 2025-жылдын 3-июлунда жогоруда аталган Шопоков шаардык мэриясынын кызмат адамдары С.Н.С. жана К.А.А. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы