УКМК санариптештирүү иштеринде ири коррупциялык факты аныкталганын билдирди

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) санариптештирүү иштеринде ири коррупциялык факты аныкталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы Санариптик өнүктүрүү министрлигинин курамына кирген “Соцсервис” мамлекеттик ишканасына социалдык тармакты жөнгө салуучу мамлекеттик органдардын маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү үчүн 101 млн. 900 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн. “Соцсервис” мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдары кылмыштуу бүтүмгө кирип, белгиленген маалыматтык системаларды иштеп чыгууга жамынып, бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып алышкан.

Алынган далилдердин негизинде 2-февралда “Соцсервис” мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Атайын кызмат маалыматтык системалардын көпчүлүгү иштелип чыкпаганын, ишке кирбегенин, муну менен мамлекетке миллиондогон доллар зыян келтирилгенин билдирет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты