УКМК: Раззаков атындагы КМТУда коррупциялык схема аныкталды
- 5 месяцев мурун
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) билим берүү ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, текшерүүнүн жүрүшүндө ЖОЖдун айрым окутуучулары финансылык пайда табуу максатында окуу мезгилинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн чет өлкөлүк студенттерге акчалай сыйлык үчүн экзамен журналдарына жана башка тийиштүү кагаздарга тиешелүү бааларды коюп беришкен.
Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштардын белгилери боюнча кылмыш иши козголду. Учурда аталган ЖОЖдун окутуучулары С.У.Ж. жана А.А.Е.ден эч жака кетпөө жөнүндө колкат алынып, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы