УКМК Ош шаардык милициянын кайгуул кызматкерин кармады
- 2 месяца мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички иликтөө кызматы менен бирге Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кайгуул бөлүмүнүн кызматкерин кармады.
Ал 2025-жылдын август айында айдоочулук күбөлүк алууга жардам берүү үчүн К.Ы. жана Т.Д. аттуу жарандардан 50 миң сомдон алууга шектелүүдө. Аталган акча каражаттары кайгуул кызматкери тарабынан берилген реквизиттерге «Мбанк» мобилдик банктык тиркемеси аркылуу өткөрүлүп берилген.
Бул факты боюнча 4-мартта тергөө органдары тарабынан ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Ош шаардык ИИБ кайгуул бөлүмүнүн кызматкери кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Азыркы учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары улантылууда.
Сүрөт: УКМК
Муну бөлүшүү




