УКМК Ош облусунда 60тан ашуун мечит жана медресенин ишин токтотту

  • 9 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) мекемелер аралык жумушчу тобу менен бирге Ош облусундагы диний жайлардын ишмердигин текшерди.

Иш-чара «Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын» ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштин алкагында 20-июлда башталган.

Натыйжада 39 мечиттин жана 21 медресенин ишмердиги убактылуу токтотулду. 39 диний жана сыйынуу жайларына айып пул салынды. 48 мечитке жана 40 медресеге өрт коопсуздугунун талаптарын бузганы үчүн акты түзүлгөн.

Текшерүү учурунда айрым мечит-медреселердин башаламан курулушу, архитектуралык-курулуш жана санитардык-эпидемиологиялык талап-ченемдердин сакталбаганы, медреселердеги билим берүүнүн бирдиктүү стандарттарынын жоктугу, «хужра», «таалим», «дарс» ж.б. диний билим берүү процессине көзөмөлдүн жоктугу аныкталган.

39 мечит каттоого алынган эмес, тиешелүү документтери жок болгон.

Диний жайларды текшерген мекемелер аралык жумушчу топко атайын кызматтан, Ички иштер министрлигинен, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен, Саламаттык сактоо министрлигинен, муфтияттын, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинен өкүлдөр кирген.

Кыргызстанда жалпысынан 3,5 миңден ашуу диний уюм каттоодон  өткөн. Өлкөдө 2,6 миңдей мечит, 100дөй медресе, 10 ислам институту бар. Христиан багытындагы уюмдардын саны — 399, калгандары башка диндерге таандык.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына караганда, 21 уюм деструктивдүү, экстремисттик жана террористтик деп табылып, сот чечими менен өлкө аймагында ишмердигине тыюу салынган. Алардын катарында «Хизб ут-Тахрир», «Йакын инкар» жана башкалар бар.

Сүрөттө: Ош облусундагы диний жайлардын бири. УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты