УКМК: Ок атуучу курал жана ок-дарылар сакталган жай табылды
- 2 weeks мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ( УКМК) кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл облусунун Булан-Сөгөтү айылында ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган жай табылып, алынды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.
Тактап айтканда, тапанча (револьвер), мергенчиликтин жылмакай сайлуу эки мылтыгы (араланган мылтык), 6 даана 9 мм калибрлүү патрон.
Материалдар Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Бул иш боюнча кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (Куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда бул багыттагы ыкчам издөө иш-чаралары Ысык-Көл облусунун аймагында уланууда.
Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү