УКМК: Мыйзамсыз кумар оюндарына бөгөт коюлду (Видео)

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) криптобиржа жана криптомайнинг кызматтарын көрсөтүүгө жамынып, тиешелүү документтеринин уруксаттары жок «Р.Г.» ЖЧКсынын мыйзамсыз оюн-зоок жайларынын ишмердүүлүгүн аныктады.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин жүрүшүндө, мыйзамсыз аракеттерден ири суммадагы акча каражаттары табылып алынган.

Мындан тышкары, тиешелүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу максатында, иш жүзүндөгү кирешени жашыруу документтештирилген боюнча фактылар аныкталды.

Жогоруда аталган кылмыш иштерине тиешеси бар адамдарды, ошондой эле республикалык бюджетке келтирилген зыяндын суммасын аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты