УКМК “Мегакомдун” экс-жетекчисинин ишин кыскартууда коррупциялык схема тастыкталбаганын билдирди
- 8 месяцев мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) 15-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында прокуратура органдарынын отчету каралып жаткан учурда вице-спикер Нурбек Сыдыгалиевдин “Мегаком” компаниясынын мурдагы жетекчиси Акылбек Жамангуловдун жана башкалардын ишин кыскартууда прокуратура органдары тарабынан коррупциялык схема орун алгандыгы боюнча айткандары тастыкталбаганын билдирди.
Сыдыгалиевдин, мурдагы баш прокурор Зулушевдин, “Мегакомдун” мурдагы башчысы Жамангуловдун жана башкаларадын катышуусунда териштирүүдө Сыдыгалиев тарабынан 15-апрелдеги парламенттин жыйынында «Мегакомдун» экс-жетекчиси Жамангуловдун ишинде прокуратура органдары тарабынан орун алган коррупциялык схема боюнча айтылгандар тастыкталган жок. Сыдыгалиев өзүнүн билдирүүсүн тастыктаган фактылары жок экенин айтты. Мындан улам вице-спикер Нурбек Сыдыгалиевге мындан ары туура эмес, коомдук-саясий абалды курчутууга алып келе турган чагымчыл мүнөздөгү маалыматты таратпоо тууралуу эскертилгендиги айтылат.
Сүрөттө: вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев. kenesh.kg




