УКМК: Массалык башаламандыкка чыкырык жасаганга шектелген жаран кармалды
- 1 месяц мурун
Массалык башаламандыкка чыкырык жасаганга шектелип Ali Osman деген Фейсбук колдонуучусу кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
«Кылмыш-жаза кодексинин 278 жана 330- беренелери боюнча («Массалык башаламандык» жана «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») кылмыш иши боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында массалык башаламандыктарга жана бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө чакырыктарды байма-бай жарыялап келген Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу, 1978-жылы туулган К.А. аттуу жаран аныкталып, кармалды.
Ал интернет колдонуучусу өзүнүн жасаган иштери үчүн жоопкерчиликтен качуу үчүн купуялуулук жөндөөлөрүнө кайрылып, Фейсбук социалдык тармагынын фейк аккаунттарын колдонгон. Кармалган К.А.А. Кыргызстанда тыюу салынган «Хизбут-Тахрир»диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү экени аныкталды», — деп жазылат маалыматта.
Азыркы учурда кошумча тергөө иш-чараларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо үчүн тиешелүү тергөө-процессуалдык аракеттер жүргүзүлүүдө. Ал эми К.А.А. КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.