УКМК: Лейлекте медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын кызматкерлери кармалды

  • 1 неделя мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Лейлек райондор аралык медициналфк-социалдык эксперттик комиссияся (МСЭК) төрагасы эксперт А.Ж.А. жана врач эксперт Э.У.Б. тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардан 3 миң сомдон 5 миң сомго чейинки өлчөмдөгү акча каражатын системалуу түрдө алгандыгын тастыктаган материалдар алынганын билдирди.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Жогоруда аталган жарандар кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган кылмышка шектүү катары УКМКнын убактылуу кармоочу жайына  камакка алынып, тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты